Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 21/2
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды күчүнө киргизүү жана жыйымдын ставкасын,төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды күчүнө киргизүү, 75-беренесинин негизинде жыйымдын ставкасын, 76-беренесинин 3-бөлүмүнүө ылайык жыйымдын төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жана 30-главасынын 89-90-беренелеринин негизинде жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү,тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн аныктап берүү жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы 2019-жылдын 1-январынан күчүнө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 75-беренесинин жана 76-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы, 2019-жыл үчүн бир жашоочуга 6 (алты) сомго,соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10(он) сомго белгиленсин, 76-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрынан кечиктирбестен.
3. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 30-главасынын 89-90-беренелеринин негизинде жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жандыкка 10 (он) сомго, ири мүйүздүү малга 50 (элүү) сомго, жылкыга 50(элүү) сомго,сырттан келген малдарга жандыкка 25(жыйырма беш) сомго, ири мүйүздүү малга 100(жүз) сомго, жылкыга 100(жүз) сомго, бал челекке 1 даанасына 20(жыйырма) сомго белгиленсин, төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Ормоновага милдеттендирилсин.
Төрага | Кадыркулов. А |