Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 127
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы 256 номери менен чыгышталган катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында өтүүчү кичи-футбол боюнча Кубогуна Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн команданын катышуусу үчүн 54 000 (элүү төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов |