Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 22/1
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго:
айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;
калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу
муниципалдык, социалдык обьектилердин өз деңгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу
калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-булөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салуу
-ички жолдорду,көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Кадыркулов. А |