Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 22/2
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы Беш-Кемпир калктуу конушуна жана Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы Беш-Кемпир калктуу конушуна жана Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштарын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы Беш-Кемпир калктуу конушуна жана Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштары эске алынсын.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы Беш-Кемпир калктуу конушуна жана Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна айыл статусун берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Кадыркулов. А |