Редакцияот 26.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Көк-Жар айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

 

2019-жылдын 26-марты № 26-1

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2019-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2018-жылдан калган калдыкты бөлүштүрүп берүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-мартындагы №3 сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан калган 4 001 399 (төрт млн бир миң үч жүз токсон тогуз) сом калдык акча каражаты, 1-тиркемеге негиз ажыратылсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебиндеги 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан калган 211 639 (Эки жүз он бир миң алты жүз отуз тогуз) сом калдык акча каражаты, 1-тиркемеге негиз ажыратылсын.

3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлс

 

Төрага

Н. Туманов

 

 

 

 

 

 Көк-Жар айылдык кеңешинин

(6-чакырылышы) кезектеги жыйырма алтынчы сессиясынын

№26-1 токтомуна №1 тиркеме

№

Бөлүмдөрдүн аталышы

суммасы (сом)

1

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

1096918

2

Экономикалык меселелер

427441

3

Комуналдык чарба

578246

4

Билим беруу

1898794

 

Бюджеттик чыгашалардын жыйындысы

4001399

1

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

79842

2

Билим беруу

131797

 

Атайын каражаттар счетундагы чыгашалардын жыйындысы

211639

Х

Жалпы чыгашалардын жыйындысы

4213038

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы:

А. Жээнбаев