Редакцияот 26.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

 

2019-жылдын 26-марты №26-2

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын тургуну «Колдонмо математика» кафедрасынын профессору Жоомарт Сатаровго «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын тургуну «Колдонмо математика» кафедрасынын профессору Жоомарт Сатаровго «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун» мыйзамдарына негиз 6-чакырылыштагы Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын тургуну «Колдонмо математика» кафедрасынын профессору Жоомарт Сатаровго «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Туманов