КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 26-марты №26-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнө Ураимов Эргеш ажы атындагы көчө деп ат коюу жөнүндө
Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн аты Ураимов Эргеш ажы атындагы көчө деп макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |