Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 26-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине акчалай сыйлык кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине акчалай сыйлык кароо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- мартындагы №131- токтомунун 4-пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана берилген жылдык план тапшырмаларын аткарууга жетишкендиктери үчүн кошумча кирешенин эсебинен 494 088 (төрт жүз токсон төрт миң сексен сегиз) сом акча каражаты муниципиалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр төлөнүп берилсин.
2. Ушул токтомдук 1 пунктунда көрсөтүлгөн муниципиалдык кызматкерлердин акчалай сыйлыктарынын соц.фонд төлөмдөрү үчүн 85 230 (сексен беш миң эки жүз отуз) сом акча каражаты 2018-жылдан үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратылсын.
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |