Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 26-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнө кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык авто унаа сатып алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 29-беренесинин 1-пунктун 3-подпунктуна таянып, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансында ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы эскилиги жетип, жүрүүгө коркунуч жаратып калгандыгына байланыштуу, жаңыдан кызматтык авто унаа сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдан үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |