Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 26-8
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыны алып чыгуу баасын жана айылдардан таштанды ташып чыгаруу графигин бекитүү жөнүндө
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыны алып чыгуу баасын жана айылдардан ташып чыгуу графигин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды ташып чыгаруу баасы, бир буума кабына 15(он беш) сомдон бекитилсин жана ушул баа ченинде айылдардан ташылып чыгарылсын.
2. “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасы айылдардан таштанды ташып чыгуу графигин иштеп чыгуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө жана “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. “Көк-Жар-Тазалык” ишканасы жана Көк-Жар айыл өкмөтү менен биргеликте айылдарда таштанды баасын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин жана аткарууга алынсын.
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнө жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адисине таштанды сактоочу жайды Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде даярдап жана тактап берүү жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Туманов |