Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/1
Каракол шаарынын прокуратурасынын, 2018-жылдын 26-июлундагы, №11-н протестин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №59 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү” жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” жөнүндөгү конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелеринин ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХIV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2012-жылдын 28-сентябындагы №26-7/1 “Каракол шаарында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүүнʏн тартиби жана шарттары жөнʏндөгʏ” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
· 3-бөлүмдүн 7-пунктунун “Уюштуруучулар, катышуучулар, сатыктын жана түз сатуунун предмети” деген 2-подпункту төмөнкүдөй жазылсын: “Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет”. Комиссиянын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлиги тарабынан бекитилет.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2016-жылдын 29-июлундагы, №27/8-4 "Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия” жөнʏндөгʏ Жобого (№1 тиркеме) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
· 2-бөлүмдө “Комиссиянын тариздөө тартиби”:
- 2.2 пункту алынсын;
- 2.5 пункту төмөнкүдөй жазылсын: “Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкарунун, коомчулуктун, комерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү”. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекилчү комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын төрагасы, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри-1;
- комиссиянын теӊ төрагасы, ММБДнин башчысы-1;
- Каракол шаарынын мэриясынын юристи-1;
- Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы -1;
- жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча Каракол, Ак-Суу аймактык башкармалыктын башчысы-1;
- Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Каракол башкармалыгынын башчысы-1;
- региондор аралык мамэкотехинспекциянын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы-1;
- Ысык-Көл областы боюнча санитардык эпидемиологиялык көзөмөл функциясына ээ, Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамсанкөзөмөл борборунун жетекчиси-1;
- Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун Каракол шаардык башкармалыгынын башчысы-1;
- мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы-1;
- жоокер – ооганчылардын шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары-1.
- 2.6 пункту төмөнкүдөй жазылсын; “Комиссиянын курамы мэриянын токтому менен бекитилет”;
- 5-бөлүмдүн 5.2 пунктунан (Отурумдарды өткөрүү тартиби) төмөнкү сөздөр алынсын: “жетектөөчү жана Т.Илибаева”.
3. Каракол шаарында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү комиссиясынын курамына байкоочулар катары, Каракол шаарынын депутаттар Кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү, добуш берүүгө укугу жок, кирет.
4. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2016-жылдын 28-апрелиндеги №27-2/8 “Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссияны түзүү” жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |