Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июну № 1
Ала-Бука айылынын борбордук стадионуна капиталдык оңдоп түзөтүү иштерине акча каражатын кароо жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылында жайгашкан борбордук стадионду капиталдык оңдоп түзөө иштери боюнча 20.04.2017-жылы өткөрүлгөн жалпы элдик чогулуштун жыйынтыгын талкуулап, жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылында жайгашкан борбордук стадионуна капиталдык оңдоп түзөтүү иштери боюнча долбоор даярдалсын.
2. Ала-Бука айылында жайгашкан борбордук стадионду капиталдык оңдоп түзөтүү иштерине жергиликтүү бюджеттен өздүк салым эсебинде 437282 (төрт жүз отуз жети миң эки жүз сексен эки миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу М. жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |