Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июну № 2
Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин I-I пунктуна ылайык, Ак-Там айылдык аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Ала-Бука айылдык Кенешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги VII-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик (кыргызча) тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясыны мамлекеттик администрациясыны alabuka.kg сайтына расмий түрдө жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Аталган токтомдун расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жооптуу катчсына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсун.
Төрага | М. Мамырбеков |