Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 8/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2017-жылдын III-кварталына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги айрым беренелерге 2018-жылдын IV-кварталында төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Код №70111 аппараттын 2215 беренесинен 100000 сом кыскартылсын.
Код №70111 аппараттын 2512 беренесине 100000 сом кошуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |