Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 10/3
“Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасынын имаратынын ижара акысын төлөө жөнүндө
“Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасынын имаратынын ижара акысын төлөө боюнча ишкананын директорунун билдирүүсүнугуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Ала-Бука техкызмат ” муниципалдык ишканасынын имаратынын ижара акысын тактоо үчүндепутаттык комиссия түзүлсүн:
Төрагасы Максымбеков Керим, Атаматов Кылычбек, Стамов
Асылбек,Койчумбаев Самат, Максымбеков Алмамбет,Сулейманова
Айнура,Батырбеков Эркинбек, Умаров Адыл, Атакозиев Чынарбек. 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүнжооптуу
катчысынын милдетин аткаруучу М.Жеенкуловго жүктөлсүн.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |