Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры №10/4
Ала-Бука айылындагы канализацияларды өткөрүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айылындагы канализациялар кароосуз калып, айлана чөйрөгө антисанитардык абалды жаратып жаткандыгына байланыштуу депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын Х- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы канализацияларды тейлөө кызматы “ Ала-Бука сууканал” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн
2. Канализация системин оңдоо, түзөтүү жана багыты боюнча пайдалануу жумуштарын “Ала-Бука техсервис”, “Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканалары менен чогуу жүргүзүлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү жергиликтүүКенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | М. Мамырбеков |