Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/2
Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын, 2018-жылдын 18-сентябрындагы, кир.№01-7/402 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жободогу "Түшүнүктөр жана аныктоолор" бөлүгүндөгү, "30 чарчы метр" деген сөздөр "60 чарчы метр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жобонун 2 бөлүгүнүн 2.5 пункту төмөнкү текст менен толукталсын: "аянты 30 чарчы метрден жогору болгон объектилерге уруксаат берчү документтерди даярдоо жана берүү үчүн, инженердик-техникалык шарттардын (ИТШ) негизинде, зарыл учурларда, тиешелүү кызматтар менен макулдашылып жана бекитилген, тиешелʏʏ лицензиясы жана сертификаты бар уюмдар тарабынан иштелип, макулдашылып чыккан долбоор, белгиленген тартипте талап кылынат".
3. Жобонун 4 бөлүгүнө төмөнкү мазмундагы 4.5 подпункту кошулсун: "Административдик тартипти бузууга жол берүү менен, объектти өз билемдикке салып, уруксаат берүүчү документациясыз орнотуу – мыйзамдуулукта каралган тартипте, Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссияда каралат".
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |