Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 10/5
Ала-Бука айыл өкмөтүнөкараштуу жайыттарды жайыт пайдалануучуларга өткөрүп берүү жөнүндө
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүжөнүндөгү Р.Иманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнөкараштуу жайыттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишим бекитилсин.
2. Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү жайыт бирикмесине жайыттарды пайдалануу тартибин ушул типтүү келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүнбашчысы Дооранбек уулу М. жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |