Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 11/4
Ала-Бука айылындагы аймактык оорууканага керектүү эмеректерди алуу үчүнубактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айылындагы аймактык ооруукананын медициналык жабдыктары эскирип жана жетишсиз болгондуктан депутаттык комиссия түзүп, тоо-кендерин иштеткен кампанияларга барып тегерек стол уюштуруп, донорлорду тартуу максатында айылдык Кенештин депутаты Умаров А. билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы аймактык ооруукананын медициналык жабдыктары эскирип жана жетишсиз болгондуктан убактылуу депутаттык комиссия түзүп, тоо-кендерин иштеткен кампанияларга барып тегерек стол уюштуруп, донорлорду тартуу максатында”Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасына жолдорду шагылдоо үчүн
578,0 мин сом субцидия жана мектеп балдар бакчасынын электр энергиясына 500,0 мин сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган акча каражаты 3111 беренесинен 578,0 мин сом, 2221 беренесинен 500,0 мин сом кыскартылып 2512 беренесине 578,0 мин сом жана 22311200 беренесине 500,0 мин сом которулсун.
3. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнун башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | М. Мамырбеков |