Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 2
“Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде айыл чарба өндүрүш-техникалык муктаждыктарын канаттандыруу, аларга техникалык колдоо көрсөтүү, айыл аймагынын киреше бөлүгүн жогурулатуу максатында “Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кайрылуусун карап, депутаттардын сунуштарынын жыйынтыгы менен Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, “Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасына АМКАДОР 702 ЕА атайын техникасын “Айыл Банк” тарабынан лизингге алууга макулдук берилсин.
2. “Айыл Банк” тарабынан лизингге атайын техниканы алуу үчун 30 (отуз) пайыздык өздүк салым эсебинде жергиликтүү бюджеттен 700,8 миң сом акча каражаты ажыратылсын
3. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу М. жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |