Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 4
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылындагы “Жабык спорт комплексин” куруу жөнүндө
Сары-Талаа айылынын тургуну Субанов Тургунбайдын Сары-Талаа айылындагы Орто-Коргон жер тилкесинде курулуп жаткан “Жабык спорт комплексге” документтерди даярдоо жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Талаа айылынын Орто Коргон тилкесинде жайгашкан “Жабык спорт комплекстин” курулушуна жер ажыратылып, керектелүүчү документтери даярдалсын.
2. Сары-Талаа айылындагы Орто-Коргон жер тилкесинде жайгашкан “Жабык спорт комплекстин” курулуш иштери аяктагандан кийин,курулган имарат жер аянты менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынсын.
3. Доолбоорго тийиштүү документтерди даярдоо жагы жер жана курулуш адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүн башчысы Дооранбек уулу М. жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |