Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 1
2018-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгун бекитүү жана 2019-жылга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөт башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылы 29-январдагы отурумунун №1 токтомун карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети:
Кирешелер бөлүгү - 52776,0 миң сом;
Чыгашалар бөлүгү - 52776,0 миң сом;
Атайын каражат – 6000,0 млн сом суммасында бекитилсин.
2. 2019-2020-жылдарга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу жактырылсын:
Кирешелер бюнча 2019-жылга 53561,0 миң сом; 2020-жылга 55560,0 миң сом;
Чыгашалар боюнча 2019-жылга 53561,0 миң сом; 2020 - жылга 55560,0 миң сом;
2019-2020 – жылдарга жактырылган Ала-Бука айыл өкмөтүнүн болжолдуу параметрлери алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.
3. 2018-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №1, атайын каражат№3 жана 2019-2020-жылдарга божомолу №4 тиркемелерге ылайык жергиликтүү салыктардын булактары жана мамлекеттик чегерүүлөр боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүүлөрү белгиленсин.
4. 2018-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аппаратына каралган чыгымдардын эсебинен кайрылуулар жана арыздар канаттандырылсын.
6. 2018- жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттен калган калдык 6266,6 миң сом андан 2215 беренесине 266,6 миң сом 3111 беренесине 6000,0 млн сом бөлүнсүн. Атайын каражаттан калган калдык 85,6 миң сом андан 2215 беренесине 61,8 миң сом, 3112 беренесине 20,0 миң сом, 2218 беренесине 3,8 миң сом өлчөмүндө бөлүнсүн.
Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, соцфонд, тамак аш) жүргүзүлсүн.
“Бюджеттик процесс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жалпы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 1 пайызына чейинки өлчөмдө 527,8 миң сом суммасында резервдик фонду түзүлсүн, анын ичинен 50 пайызын айыл өкмөтү тарабынан жана 50 пайызын айылдык Кеңештин чечими менен аткарууга алынсын жана Ала-Бука айылынын учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгиз каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо жана социолдык маданият, экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча проитеттүү долбоорун багыттуу каржылоого алуу каралсын.
7. “Бюджеттик процесс жөнүндө“Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрү, жеке адамдардын юбилейлерин каржылоо чектелсин.
Ала-Бука айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы жана максаттуу пайдаланбагандыгы үчүн Ала-Бука айыл өкмөтү жоопкерчилик тартат.
Ала-Бука айыл өкмөтүнө:
8. “Бюджеттик кодекс жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесине ылайык айылдык Кеңештин макулдугу жок бекитилген бюджетти өзгөртүүгө укуксуз экендиги эскертилсин.
Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана бюджеттик уюмдардын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
Баардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мабилизациалоого жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана иш жүргүзүлсүн.
Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылышсын.
9. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Максымбековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |