Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/3
Каракол шаарынын ММБДсинин башчысы К.Т .Кожобаевдин, 2018-жылдын 12-мартындагы, кир.№01-7/105 Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Сарыбаевдин, 2018-жылдын 11-апрелиндеги, кир.№01-7/145, Ж-1 зонасынын бөлүгүн, башкага өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-1 (жеке турак жай курулуш) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Гречко атындагы көчөсү, № 15 дарегинде жайгашкан, аянты 600,0 м2 жер тилкесин, Ц-3 (базарлар жана дүӊ соодалар зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
-бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Э.Ж.Эльбаев, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |