Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 2
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылынын Ы.Стамалиев көчөсүнүн №8 үйүнө орнотулган санариптик теле антенанын ижара акысын төлөп берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылынын Ы.Стамалиев көчөсүнүн тургуну Сулайманов Даниярдын карамагындагы бакчага 2017-жылы март айында жарандардын санариптик теле берүүнү ыңгайлуу шартта көрүп туруу үчүн орнотулган теле антенанын ижара акысын тълъп берүү боюнча Сары-Талаа айылынын айыл башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтуу Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылынын Ы.Стамалиев көчөсүнүн №8 үйүнүн тургуну Сулайманов Даниярдын карамагындагы бакчага орнотулган санариптик теле антенага айыл өкмөт тарабынан келишим баада ай сайын 2000 сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Төлөнгөн акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн
Төрага | М. Мамырбеков |