Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 3
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылынын тургуну А.Кабаевдин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылынын тургуну А.Кабаевдин ыр жана китеп жазган чыгармачылык өнөрүн колдоо максатында чыгармачыл А.Кабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтуу Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылынын тургуну А.Кабаевдин ыр жана китеп жазган чыгармачылык өнөрүн колдоо максатында 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн
Төрага | М. Мамырбеков |