Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 4
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука сайдагы “Зеңги Ата” зыярат кылуучу жайдын айлана тегерегин тосмолоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука сайдагы “Зиңги Ата” зыярат кылуучу жайдын айлана тегерегин тосмолоп, келген жарандарга шарт түзүп берүү максатында Кайырма-2 жамаатынын тургуну Чилешов Жумадилдин маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтуу Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука сайдагы “Зеңги Ата ” зыярат кылуучу жайды оңдоп түзөп, элге жакшы шарт түзүү үчүн төмөнкү курамда убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
Өндүрүштүк, транспорт, комуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясы.
Социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана депутат Батырбеков Эркинбек.
2. Убактылуу депутаттык комиссиянын чечими менен, жыйынтыгы келерки боло турган сессияда каралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |