Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 5
Ала-Бука айыл аймагындагы СПАларга айыл өкмөт тарабынан төлөнүүчү карыздарды тактоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагындагы СПАларга айыл өкмөт тарабынан төлөнүүчү карыздар боюнча СПА башчысы М.Акмолдоевдин маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI -чакырылышынын кезектеги 2 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы СПАларга айыл өкмөт тарабынан төлөнүүчү карыздарды тактоо максатында депутаттык комиссия жерине барып көрүшсүн.
2. Ала-Бука айыл аймагындагы СПАларга айыл өкмөт тарабынан төлөнүүчү карыздарды тактап, иликтөө максатында убактылуу депутаттык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн: Агрардык маселелер, СПА, Суу канал маселелер боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте Э.Турсунбаев, К.Масалбеков, Э.Атабаев, А.Умаров, К.Атаматов, Э.Батырбеков.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |