Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 6
Ала-Бука айыл аймагына караштуу “Достук” балдар бакчасынын кошумча ачылган тайпасына тамак аш үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу “Достук” балдар бакчасында балдардын көп болгондугуна байланыштуу кошумча ачылган тайпага тамак аш үчүн акча каражатын бөлүү боюнча “Достук” балдар бакчасынын директорунун маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу “Достук” балдар бакчасында жаңы ачылган кошумча тайпага 20 (жыйырма) бала үчүн 1 (бир) жылга 136400 (бир жүз отуз алты миң төрт жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |