Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 7
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Маданият” жамаатынын төртүнчү көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Маданият” жамаатынын төртүнчү көчөсүнө Бекмырзаев Атамырза деп атын коюу боюнча тургундардын кайрылууларын эске алып, айылдык Кеңештин депутаты Орунбаев Голибжондун маалыматын угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан “Маданият” жамаатынын төртүнчү көчөсүнө А.Бекмырзаевдин наамы ыйгарылсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |