Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 8
Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрдө жайгашкан адамдар жөө жүрүүчү жолдорго (тротуарларга) чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды жана бак дарактарды иретке келтирүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрдө жайгашкан адамдар жүрүүчү жолдорго (тротуарларга) чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды жана бак дарактарды башкы пландын негизинде иретке келтирүү боюнча айыл өкмөттүн жер адиси Р.Иманбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI -чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрдө жайгашкан адамдар жүрүүчү жолдорго (тротуарларга) чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар жана бак дарактар алынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Өндүрүштүк, транспорт, комуникация,тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |