Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 9
Ала-Бука айыл аймагына караштуу 2030 аскер бөлүгүнүн күн чыгыш жана күн батыш тарабында жайгашкан көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу 2030 аскер бөлүгүнүн күн чыгыш жана күн батыш тарабында жайгашкан көчөлөрдүн тургундарынын жалпы чогулушунун макулдугу менен көчөлөрдүн аталышын “Келечек” деп аталуусун угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу 2030 аскер бөлүгүнүн күн чыгыш жана күн батыш тарабында жайгашкан көчөлөрү “Келечек” деп аталсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |