Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 10
“Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкарууу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде айыл чарба өндүрүш-техникалык муктаждыктарын канаттандыруу, аларга техникалык колдоо көрсөтүү, айыл аймагынын киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында “Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап, депутаттардын сунуштарынын жыйынтыгы менен Ала-Бука айылдык Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктчасына таянып, ”Ала-Бука Водаканал” муниципалдык ишканасына АМКАДОР 702 ЕА атайын техникасын “Айыл Банктан” лизингге алууга макулдук берилсин.
2. ”Айыл Банктан” лизингге атайын техниканы алуу үчүн 30% өздүк салым эсебинде жергиликтүү бюджеттен 700,8 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу М. жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |