Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 11
Ала-Бука айылынын М.Мамырбеков көчөсү, С.Ибраимов көчөсү, Т.Балтагулов көчөсү, Т.Сартмамбетов көчөсү менен Т.Балтагулов көчөсүнүн кесилишинен светофорго чейин жана Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев көчөсүнө архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) даярдоо жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айлынын М.Мамырбеков көчөсү, С.Ибраимов көчөсү, Т.Балтагулов көчөсү, Т.Сартмамбетов көчөсү менен Т.Балтагулов көчөсүнүн кесилишинен светофорго чейин жана Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев көчөсүнө архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) даярдоо боюнча Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары М.Токтобаевдин маалыматын угуп, жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылынын М.Мамырбеков көчөсү, С.Ибраимов көчөсү, Т.Балтагулов көчөсү, Т.Сартмамбетов көчөсү менен Т.Балтагулов көчөсүнүн кесилишинен светофорго чейин жана Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев көчөсүнө архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) даярдоо жагы Ала-Бука райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысы М.Жамалдиновдон суралсын.
2. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты менен камсыз кылуу жана архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) даярдоо айыл өкмөт башчысы Дооранбек уулу М. милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |