Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/5
Каракол шаарынын КМЖАсынын директору М.А.Алиевдин, 2018-жылдын 20-сентябрындагы, кир.№01-7/423, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 3-октябрындагы, кир.№01-7/442, каттарын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасына, көрсөтʏлгөн кызматтары үчүн, мурда, 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, долбоорлорду кошумча каржылоого бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |