Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 13
Ала-Бука айылындагы М.Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан аймактык ооруканадан оргуштамага чейин троутуарларды оңдоп, 600 (алты жүз) метрге асфальт төшөө жөнүндө
Ала-Бука айылындагы М.Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан аймактык ооруканадан оргуштамага чейин тротуарларды оңдоп, 600 (алты жүз) метрге асфальт төшөө боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы М.Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан аймактык ооруканадан оргуштамага чейин тротуарларды оңдоп, 600(алты жүз) метрге асфальт төшөө үчүн 7842,0 (жети млн сегиз жүз кырк эки миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |