Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 15
Ала-Бука айылындагы С.Ибраимов көчөсүнө латок орнотуп, тротуарларды калыбына келтирүү жөнүндө
Ала-Бука айылындагы С.Ибраимов көчөсүнө латок орнотуп, тротуарларды калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы С.Ибраимов көчөсүнө латок орнотуп, тротуарларды калыбына келтирүү үчүн 1727,0 (бир млн жети жүз жыйырма жети миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |