Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты №17
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука, Достук, Сары-Талаа айылыдарынын ички жолдорун шагылдоо жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука, Достук, Сары-Талаа айылдарынын ички жолдоруна шагыл төгүп калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука, Достук, Сары-Талаа айылдарынын ички жолдоруна шагыл төгүп, калыбына келтирүү үчүн 3000,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |