Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты №19
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылындагы “Алтын” балдар бакчасынын ашканасын ремонттоо (оңдоп түзөө) жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылындагы “Алтын” балдар бакчасынын ашканасын ремонттоо (оңдоп түзөө) иштери боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сары-Талаа айылындагы”Алтын” балдар бакчасынын ашканасын ремонттоо (ондоп түзөө) үчүн 972,0 (тогуз жүз жетимиш эки миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |