Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 24
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын Файзабад жамаатына дамба куруу жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын Файзабад жамаатына селден сактоо үчүн дамба куруу боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылынын Файзабад жамаатына селден сактануучу дамба курууга 120,0 (бир жүз жыйырма миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |