Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 2
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин 80-жылдык мааракесин өткөрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин 80-жылдык маарекесин өткөрүү үчүн атайын уюштуруу тобунун маалыматтарын эске алып, жергиликтуу Кенештин депутаттарынын сунуштарын карап чыгып, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Т.Балтагулов орто мектебинин 80-жылдык маарекесине карата уюштурулган марафонго материалдык колдоо көрсөтүү үчүн “Резервный фонд” дун эсебинен 10000 (он миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган 10000 (он миң) сом акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |