Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 3
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылынын тургуну Балтагулова Уулбү Давидевнаны Ала-Бука районунун “Ардактуу атуулу ” наамына сунуш кылуу жөнүндө
Ала-Бука айылынын тургуну Балтагулова Уулбү Давидевнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана айыл аймагынын билим берүү тармагына кошкон салымын баалап, Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектебинин 27-март 2018-жылы жамаатык чогулушунун протоколун эске алып, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими Балтагулова Уулбү Давидевнаны Ала-Бука районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |