Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 4
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылынын тургуну Тагаева Бактыгүлдү Кыргыз Республикасынын “Ардак Граммотасына” сунуш кылуу жөнүндө
Ала-Бука райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун тиш эмканасынын улуу медайымы Тагаева Бактыгүлдүн көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымын эске алып Ала-Бука райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2018-жылдын 3-мартындагы жалпы чогулушунун №4 токтомун карап чыгып, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука айылындагы Ала-Бука райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун тиш эмканасынын улуу медайымы Тагаева Бактыгүл Кыргыз Республикасынын “Ардак Граммотасына” сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |