Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 1
“Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасына 100,0 (бир жүз миң) сом субсидия ажыратып берүү жөнүндө
“Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасына айыл өкмөткө караган жолдорду шагылдоо үчүн 100,0 (бир жүз миң) сом субцидия ажыратуу боюнча “Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасынын директорунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 4 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасына жолдорду шагылдоо үчүн 100,0 (бир жүз миң) сом субцидия акча каражаты жергиликүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган акча каражаты 3111 беренесинен кыскартылып 2512 беренесине которулсун.
3. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |