Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 1
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука аймактык ооруканасынын директору Осмоналиев Жыргалбек Мутушовичди райондун “Ардактуу атуулу” наамына сунуш кылуу жөнүндө
Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын директору Осмоналиев Жыргалбек Мутушовичдин Ала-Бука аймагынын калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө жана калктын ден соолугун чыңдоодо кошкон бараандуу салымын эске алып Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын 2018-жылдын 26-июнундагы жалпы чогулушунун №15 токтомун карап чыгып, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынын директору Осмоналиев Жыргалбек Мутушовичди Ала-Бука районун “Ардактуу атуулу ” наамына сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |