Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-24/7
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2018-жылдын 3-октябрындагы, кир.№01-7/434 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясынын үнөмдөлгөн акча каражаттарын, 2212 беренесинен - 150 000 (жүз элүү миң) сом, 2221 беренесинен - 150 000 (жүз элүү миң) сом, 3112 беренесинен - 30 720 (отуз миң жети жүз жыйырма) сом, 2214 беренесинен 29 000 (жыйырма тогуз миӊ) сом, 3111 беренесинен 21 000 (жыйырма бир миӊ) сом, жалпы өлчөмү 380 720 (үч жүз сексен миң жети жүз жыйырма) сом, акча каражаттарын, төмөнкү беренелерге жылдырсын:
· 2222 беренесине (чарбалык чыгымдар) - 70 720 (жетимиш миң жети жүз жыйырма) сом;
· 2211 беренесине (иш сапарлар үчүн чыгымдар) - 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
· 2215 беренесине (башка кызматтар) - 60 000 (алтымыш миң) сом;
2. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын мэриясынын имаратынын ремонтун аяктоо үчүн, локалдык сметанын негизинде, кошумча 723 600 (жети жүз жыйырма үч миӊ алты жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 3111 беренесине, мурда Каракол шаарынын ММБДсине, муниципалдык жерлерди тариздөө үчүн бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен, бөлүп берсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |