Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 2
Ала-Бука айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканаларга көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңеши Ала-Бука айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканалардын кандай иш аткарып жаткандыгын жана жыл ичинде кандай иш аткара тургандыгын көзөмөлдөө үчүн атайын убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканалардын жана жайыт комитетинин 2018-жылдын 6 айында аткарган жумуштары боюнча отчетун кезектеги сессияга даярдоо боюнча төмөнкү курамдагы убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
Рысматов Акыл – комиссия төрагасы.
Мүчөлөрү: Атакозиев Чынарбек, Парпиев Алымкул, Атаматов Кылыч,
Сарыбаев Зафар, Абдигафиров Фархад, Максымбеков
Абдыкерим,Батырбеков Эркинбек, Стамов Асыл,Орунбаев Голибжан,
Нурматов Кадырбай,Токлибаева Замира, Сулейманова Айнура.
2. Комиссия курамынын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин өндүрүштүк, транспорт, коммуникация,тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |