Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 3
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Б.Рыскулов көчөсүндө жайгашкан “Водазаборду” Ала-Бука айыл өкмөттүн балансына өткөрүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңеши Ала-Бука айыл аймагына караштуу Б.Рыскулов көчөсүндө жайгашкан “Водазаборду” айыл өкмоттүн балансына өткөрүү үчүн атайын убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Б.Рыскулов көчөсүндө жайгашкан “Водазаборду” айыл өкмөттүн балансына өткөрүү үчүн төмөнкү курамдагы убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
Токтобаев Марат – комиссия төрагасы.
Мүчөлөрү:
Сатимов Батыр - “Ала-Бука водаканал” муниципалдык ишканасынан.
Иманбеков Райымбек – айыл өкмөттүн жер адиси.
Ажибеков Акимбек – айыл өкмоөттүн курулуш боюнча адиси.
Умаров Адыл – Айыл Кеңештин депутаты.
Атаматов Кылыч – Айыл Кеңештин депутаты.
Рыскулбеков Элистан – Айылдык Кеңештин депутаты
2. Комиссия курамынын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекке милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү Кеңештин өндүрүштүк, транспорт, коммуникация,тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |