Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 4
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 2019-жылга проектисин жана 2020-2021-жылга божомолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөт башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылы 20-июлдагы отурумунун №1 токтомун карап чыгып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга жергиликтүү бюджетинен проектиси
-Кирешелер боюнча – 2019-жылга 58448,9 миң сом, чыгаша бөлүгү 58448,9
миң сом менен бекитилсин.
2. 2020-2021-жылга божомолдуу планы кирешелер боюнча–2020-жылга
59210,0 миң сом, 2021-жылга 60581,0 миң сом.
Чыгашалар бөлүгү боюнча – 2020-жылга 59210,0 миң сом, 2021-жылга
60581,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |