Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 5
Достук айылынын “Акурча” участкасынын борбордук көчөсүнө маркум Жуманазаров Абдираим Абдурахмановичтин ысымын берүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңеши сиңирген эмгеги үчүн маркум Жуманазаров Абдираим Абдурахмановичтин ысымын Достук айылынын “Акурча” участкасынын борбордук көчөсүнө берүү жөнүндө жааматтын тургундарынын кайрылуусун жана басып өткөн эмгек жолу менен таанышып, талкуулап, маалыматтардын жыйынтыгы менен депутаттардын Ала-Бука айыл Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылынын “Акурча” участкасынын борбордук көчөсү “Жуманазаров Абдираим Абдурахманович” атындагы көчө болуп аталсын.
2. Көчөгө илинүүчү табличкаларды даярдоо жана уюштуруу жагы Достук айылынын айыл башчысына, жааматтык уюмдун башчыларына жана маркум Жуманазаров Абдираим Абдурахмановичтин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Турак үйлөрдүн катар номерлерин иреттеп жайгаштырып берүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш боюнча адисинин милдетин аткаруучу А.Ажибековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | М. Мамырбеков |