Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 4
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы М.Дооранбек уулунун отчетун жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 ай аралыгында киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Карабаевдин отчетун угуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы М.Дооранбек уулунун отчетун жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Карабаевдин отчетун карап чыгып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айында аткарылган иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канатандыраарлык деп табылсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Мамырбеков |